БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Сирия менен тең чыкты

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Сирия менен тең чыкты

Сүрөт: интернеттен алынды

5-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сириянын футболчулары менен жабык контролдук беттеште кез келип, оюн 1-1 эсебинде жыйынтыкталды.

Беттеш Дубай шаарындагы стадиондордун биринде болгон. Оюн эч бир көрүүчүсүз жана түз чагылдыруусуз өткөн. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп сандары ачылган жок. Экинчи бөлүктүн 48-мүнөтүндө кыргыз курамасынын оюнчусу Айзар Акматов эсепти ачкан. Ал эми каршылаш тарап 71-мүнөтүндө эсепти теңеген. Белгилей кетсек, оюн расмий статуска ээ эмес.

Буга чейин улуттук кураманын Азия кубогунда ойной турган акыркы курамы бекитилип, ага 26 футболчу кирген. Башкы машыктыруучу  Штефан Тарковичтин жетекчилигинде курама БАЭде жана Катарда турнирге даярдыктарын улантат.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей