БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Футболчу Криштиану Роналду ислам динин кабыл алдыбы?

Футболчу Криштиану Роналду ислам динин кабыл алдыбы?

Интернетте тараган сүрөт

Социалдык тармактарда португалиялык футболчу Криштиану Роналду ислам динин кабыл алганы айтылып, ушул сүрөттөр таркап жатат. Ага ишенип, бөлүшкөн адамдар да бар. 

Биз бул маалыматты текшерип көрдүк. 

Роналду азыр Сауд Арабиясынын "Аль-Насрфутбол клубунда капитан. Анын ислам динин кабыл алганы тууралуу маалымат официалдуу баракчаларында да, белгилүү басылмалар да жок. Ал эми тарап жаткан сүрөт жасалма интеллекттин жардамында тартылган. Аны сүрөттөгү колго алты манжа пайда болуп калганынан байкасаңыз болот. Негизи бул жасалма акыл тарткан сүрөттөрдү аныктоонун эң белгилүү ыкмасы. Ал көбүнчө адамдын колу, бутундагы манжаларды ашыкча тартып коёт. 

Бул маалыматтын фейк экенин чет элдик басылмалар да жазган. Алар сүрөт Сауд аравиясынын "Аль-Наср футбол клубунун оюнчуларынын бири телешоуга катышып жатып Роналду Сауд Арабиясынын маданиятын жана ислам динин тереңдеп билгенге кызыгып жататдеп айтканынан кийин пайда боло баштаганын жазышкан

Негизи буга чейин да футболчунун куран китебин окуп жатканы айтылган видео таркаган. 

Арабиялык hungamaexpress басылмасы бул видеодо Роналду өзү эмес, белгилүү түспөлдөш адамдарынын бири экенин аныктап чыккан

Ал Бивар Абдулла аттуу ирактык блогер. Видео анын TikTok баракчасынан тараган.  

Мындан башка футболчу элге кайрылган видеолорунун биринде шахадат келмесин окуп жатканы тартылган видео да тарап, ал дагы жасалма болуп чыккан. Журналисттер бул Криштину Роналду 2022-жылы инстаграммда 400 млн подписчик чогултканын белгилөө үчүн тарткан видеосу экенин, анда футболчу башка эле сөздөрдү сүйлөгөнүн таап чыгышкан. 

Жыйынтык: Футболчу Криштиану Роналдунун ислам динин кабыл алганы жалган. Ал маалымат менен тараган сүрөт- дипфейк. 

Автор: Т-Медиа > 392 макала