БАШКЫ БЕТ > Иликтөө
Хансарай үй кимге таандык эле?
15-апрелде Башкы прокуратура Ош облусунун Кара-Суу шаарында дээрлик 62 млн сомдук жер имараты менен кошо мамлекетке өткөнүн маалымдады. Бирок прокуратура кыймылсыз мүлк буга чейин кимге таандык болгонун ачыктаган эмес. Маалыматта Заводская көчөсүндө жайгашкан калктуу конуш багытындагы 10 сотых жер тилкеси турак жайы менен жана Отуз-Адыр айыл аймагында жайгашкан 10 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги айтылат. Прокуратура чара көрүү актылардын жыйынтыгында базар баасы дээрлик 62 млн сомдук кыймылсыз мүлк муниципалдык менчикке кайтарылганын кабарлаган.
10 сотых жерде жайгашкан, мыйзамсыз сатылган делген үй кимге таандык? Анын ээси буга чейин кандай кызматты аркалап, кайсы журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган? "Чекит Медиа" аныктап чыкты.
Google карта аркылуу бул үй Кара-Суу мэриясынын, райондук мамлекеттик администрациясынын жана Салык кызматынын жанында жайгашканын көрүүгө болот.
Ал эми "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин сайтынан кыймылсыз мүлк коммерциялык негиздеги эс алуу үйү экендигин биле алдык. Үй 2008-жылдан 2024-жылга чейин Майрамкан Аматовага таандык болгон. Ал эми 2024-жылы Ак-Алтын акционердик коомуна өтүп, ушул жылдын башында мамлекетке кайтарылган.
Майрамкан Аматова деген ким?
Майрамкан Аматова Оштогу айыл чарба техникумунун директору Сейитбек Аматовдун аялы. Ал эми Ак-Алтын акционердик коомунун директору Аматовдун уулу Аматов Кудайберди Сейитбекович. Турак-жай Майрамкан Аматованын ысымына катталганы менен аны Сейитбек Аматов өзү иштетип келгенин бизге өздүк булактар ачыктады.
Эң таасирдүү кландардын бири
Аматовдордун ысымы буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө айтылган. Анда Сейитбек Аматов 30 жылдан бери окуу жайын жетектегени, Акаевдин учурунда Кара-Суудагы эң ири эки заводду менчиктештирип алганы маалымдалган. Мындан тышкары өзү жетектеген техникумдун стадионун Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаевага сатып жиберип, тротуарды тосуп алганы жана "Алай" футболдук клубун менчиктештирип алганын белгиленет. Исаков Аматовдордун үй бүлөсүн эң таасирлүү кландардын катарында экенин билдирген.
2024-жылы УКМК Сейитбек Аматов өзү жетектеген окуу-жайдын жерин менчиктештирип, ал жерге 4 кабаттуу үй курганын маалымдаган. Кыймылсыз мүлк 50 миллион сомдон ашуун суммага бааланып, мамлекетке кайтарылган. Сейитбек Аматовдун бир тууган иниси Байыш Юсупов 2008-жылы Акжол партиясынын Кара-Суу райондук бөлүмүн башкарган. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун учурунда президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген. Анын уулу Замир Юсупов 2023-жылдын апрель айында Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалган.
Сейитбек Аматовдун дагы бир бир тууганы Санталат Аматова Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси кызматынан жакында эле бошотулду.
Жыйынтык: Башкы прокуратура мамлекетке өттү делген 10 сотых жер тилкеси менен эки кабат үй Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө айтылган Сейитбек Аматовго таандык.
Материалдын видеосун ушул шилтеме аркылуу кирип көрсө болот.

Автор: Т-Медиа > 393 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat