БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Human Rights Watch Афтандил Жоробековдун камакка алынынганын сындады

Human Rights Watch Афтандил Жоробековдун камакка алынынганын сындады

Сүрөт Афтандил Жоробековдун Фейсбук баракчасынан алынды

Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстанда тууну өзгөртүүгө каршы пикирин айтып чыккан активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камакка алынынганын сындады. Уюмдун 22-декабарда расмий сайтына жарыяланган маалыматта кыргыз бийлигинин бул кадамы жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун бузаары айтылат.

Human Rights Watch Жоробековдун камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгенин белгиледи.

"Бийликти сындоо жана тынч жыйындарга чакыруу массалык башаламандык уюштуруу болуп саналбайт жана албетте, бул кылмыш эмес. Анын бийликтин демилгесине каршы тынч жыйынга чакырганы - пикир айтуунун корголгон формасы", - деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева.

Мындан сырткары кыргыз бийлиги Жоробековго каршы ишти токтотуп, анын сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чыгуу укугун коргоп бериши керектиги жазылган. 

7-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясы мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду суракка чакыргандан кийин камаган. 8-декабрда Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козголгон. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 654 статей