БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ички аба каттамдардагы билет баасы качан арзандайт? Аэропорттун жообу

Ички аба каттамдардагы билет баасы качан арзандайт? Аэропорттун жообу

Сүрөт: Т- Медиа

Кыргызстанда сентябрдан тартып ички аба каттамдардын жол киреси арзандап баштайт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов 31-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Айтымында, былтыр "Манас" аэропортунун алдында түзүлгөн мамлекеттик "Асман эйрлайнс" компаниясы сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү учактар  күзүндө келет. Алардын бири сентябрь айынын этегинде ишке киришет. Мындан улам Самидинов учактардын билет баасы бара-бара арзандай турганын айтты.

"Мамлекеттик компания ачылганда элге жеткиликтүү жана ыңгайлуу билет кылганга шарт түзөбүз. Азыркы баалардан биздин баалар айырма болбойт. Бирок учактар каттамга чыгары менен баа дароо арзандайт деп айта албайм. Анткени учурда жаңы типтеги учактар болгону үчүн аны башкарган командирлер башка өлкөлөрдөн жалданат. Биз азыр  экинчи пилотторду көп окутуп, даярдап жатабыз. Эл аралык авиацияда кызматка тартылган командирлердин маянасы да чоң болот. Башында билеттер салыштырмалуу кымбат болушу мүмкүн, бара-бара өзүбүздүн пилоттор иштей баштаганда арзандайт", - деди Самидинов.

Ушул жылдын июль айынын башында Бишкектен Жалал-Абадга, Баткенге жана Раззаковго авиакаттамтар белгисиз убакытка токтогон. Буга аталган аймактарга каттаган "Тезжет" авикомпаниясынын учагындагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылган. Манасбек Самидинов кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш жүрүп жатканын, бирок каттамдар аткарылып жатканы туурасында кабары жоктугун айтты.

Кыргызстанда ички каттамдарды "Тезжет" жана "Авиатрафик" компаниясынын учактары аткарышат. Соңку учурларда ички аба каттамдарда билет баасынын кымбат болуп жаткандыгына бир катар нааразычылыктар айтылып келет.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей