БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ИИМ Ниязбековдун орун басарынын айдоочусу жана тергөөчү кармалды деген маалыматты четке какты

ИИМ Ниязбековдун орун басарынын айдоочусу жана тергөөчү кармалды деген маалыматты четке какты

Ички иштер министрлиги

Ички иштер министрилиги министр Улан Ниязбековдун орун басарынын айдоочусу жана ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды деген маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматына ылайык, алар УКМКга күбө катары чакырылып, кийинчерээк коё берилген. 

Кечээ, 9-январда "Кактус" басылмасы өздүк булактарына таянып, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айдоочусу жана тергөөчү опузалап пара алууга шек саналып кармалганын жазган болчу. 

ИИМ бул маалымат чындыкка дал келбесин жана такталган материалдарды гана таратууга чакырган. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала