БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысына иш козголду

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысына иш козголду

Рафик Мамбеталиев. Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиевге кылмыш ишин козгоду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери менен айыпталып жатканын билдирди. Райондук сот 13-сентябрда Рафик Мамбеталиевдин бөгөт чарасын карап, УКМКнын тергөөчүсүнүн аны камакка алуу өтүнүчүн четке кагып, 21-октябрга чейин үй камагына алды.

Атайын кызмат кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. 

Рафик Мамбеталиев бир нече жыл укук коргоо органдарында иштеген. Буга чейин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болгон.

Автор: Т-Медиа > 354 статей