БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта мөнөөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленди

Сузакта мөнөөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленди

Сүрөт интернеттен алынды

№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттын мөнөөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 24-июлда кол койгонун анын басма сөз кызматы кабарлады

Аталган округдан шайланып келген депутат Тазабек Икрамовдун мандаты 19-июлда алынган. БШК буга өзүнүн арыз жазгандыгы негиз болгондугун билдирген. 

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Жогорку Кеңеште "Элдик" депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын бир нече  депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Айбек Осмонов, Адахан Мадумаров, Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарбагышев.

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей