БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Иликтөөнүн изи менен: Ак-Буураны ээлеп алгандарга кандай чара көрүлдү?
Ак-Бууранын корук зонасындагы бир гектарга чукул жерди эки жума мурун "Т-Медиа" иликтеп, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун жакындары менчиктеп алганын айтып чыккан. Ошол учурда Ош шаардык курулушту көзөмөлдөө кызматы ал тилке 50 метр корук зонага кирбей турганын билдирген эле. Эми кайра текшерип, жашыл аймактын нормалары сакталбаганын айтып чыкты. Мекеменин жетекчиси Руслан Суракматов жер ээсине 10 миң сом айып салынып, ишти сотко өткөрүп бергени жатканын айтат.
"Бул жерде ар кандай болуп калат да. Мисалы, текшерүү үчүн барсаң ээси жок болуп калат. Ар жака кетип калышы мүнкүн. Ошону биз кармап, текшерүүгө кол койдурабыз. Азыр айып пулду толук салдык. Азыркы учурда жер тилкени калыбына келтирүү боюнча бир-эки күн дебейин, бир жумада материалдар сотко даярдалат. Сотко өткөрүп беребиз, анан процесстер башталат".
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкери Мирлан Өмүралиев да дарыянын жээги "жашыл аймак" деп көрсөтүлгөнүн белгилейт. Ал жерге курулуш жүргүзүүгө уруксат жок. Бул боюнча 2016-жылдагы башкы планда да көрсөтүлгөн.
"Жогоруда сиздер айтып жаткан жер боюнча биздин башкармалыктын тишелүү адистеринен жеринен дагы тактоо иштерин жүргүзүлгөн. Биздин башкармалыктын архифдик базасындагы маалыматтарга ылайык, Сөз болуп жаткан обектиге эч кандай архитектуралык иш кагаздары даярдалып берилген эмес", -деди ал.
Буга чейин Насирдин Исанов 82 дарегиндеги тилке Мырзакматовдун кол астында иштегендердин бири Эргешова Каныкейге, ичиндеги салынып жаткан эки үй экс-мэрдин агасынын баласы Нурлан Мурзахмедовго таандык экенин айтып бергенбиз.
Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээги элүү метр корук зонага кирет. Бизде мына ошол аймакты жеке менчикке айландырып, турак-жай жана башка объектилерди кургандардын 200гө жакынынын тизмеси бар. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктердин мүлктөрүн ачыктап бергенбиз. Иликтөөнүн толук чыгарылышы бул жакта.
Автор: Бурханов Байэл > 14 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat