БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сот Имамидин Ташовду бир айга камакка алды

Сот Имамидин Ташовду бир айга камакка алды

Сүрөт: t-media/ Максат Боромбаев

Бишкектин Биринчи Май райондук соту шкер Имамидин Ташовду 22-майга чейин камакка алды. Мындай токтомду райондук сот 23-апрелде чыгарды.

УКМК "KG Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын 22- апрелде кабарлаган. Атайын кызмат ишкерди "бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган" деп айыптады. 

Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Мунун алдында ишкердин кайрылуусу социалдык тармактарда тараган. Анда ал УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган

10-январда "Фейсбук" социалдык тармагында Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңовдун) сүйлөшүүсү делген видео тараган. Аны журналист Өткүрбек Рахманов өзүнүн баракчасына жарыялаган. 

Имамидин Ташов 2023-жылдын октябрь айында атайын кызмат тарабынан кармалган. УКМК ишкердин компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге эки көп кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген. Анын кесепетинен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилгени маалымдалган. Кийин үй камагына чыккан.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей