БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Жактоочу: Ташов өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок

Жактоочу: Ташов өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок

Сүрөт: t-media/ Максат Боромбаев

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салып, ооруканага жеткрилгенин "Т-Медиага" анын адвокаты Самат Матцаков тастыктады. Окуя бүгүн, 30-октябрда болгон. Жактоочу Ташов ичинин эки жеринен кескилегени кошумчалады. 

"Бүгүн мен ага жолугуу үчүн УКМКнын тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей "күтүп тур" деди.  Ошол жерде Ташов өзүнө кол салып, "Тез жардам" менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 кызматына чалып сурасам, тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы, эмне болгону тууралуу маалыматтым жок", -деди адвокат. 

Күн мурун Имамидин Ташовдун апасы соттук отурумдан кийин баласы кыйноого кабылганын билдирген. Ишкер апасына 11-12-13-июнь күндөрү УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын айтып кат жазган.

УКМК комментарий бере элек. 

Атайын кызмат Имамидин Ташов Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын 22- апрелде кабарлаган. Ишкерге "бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган" деген айып коюлууда

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала