БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айтты

Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айтты

Имамидин Ташов

"KG групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында билдирди. Ал ишкердин "УКМКнын кызматкерлери 100 млн сом талап кылды" деген сөзүн төгүндөдү. Ошондой эле Ташовду кайсы өлкөдө болбосун сөзсүз кармап, мамлекетке төңкөрүш уюшутуурга даярданганы үчүн жоопко тартаарын белгиледи.  

Мындан сырткары Ташиев жарандар Имамидин Ташовго чара көрүп берүүнү суранып УКМКга кайрылганын, ошонун негизинде камалып, 52 млн сом төлөп бергенин билдирди.

"Биз соттун чечминин негизинде Ташовдун олтурган жеринде башкалар менен сүйлөшкөн сөздөрүн бүт жаздырып алганбыз. Ал Тилекмат Күрөңов менен Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш кылашарынан бери пландап, сүйлөшүштү. Экөө ушинтип бир нече күнү сүйлөштү. Ага карабастан биз Ташовду 52 млн сом төккөндөн кийин СИЗОдон чыгардык", -деди Ташиев. 

Ташовдун кайрылуусу

Ишкердин кайрылуусу кечээ, 9-январда социалдык тармактарда тараган. Анда Имамидин Ташов УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган. 

Ташов менен активисттин сүйлөшүүсү
10-январда "Фейсбук" социалдык тармагында Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңовдун) сүйлөшүүсү делген видео тарап жатат. Аны журналист Өткүрбек Рахманов өзүнүн баракчасына жарыялады. 

Имамидин Ташов 2023-жылдын октябрь айында атайын кызмат тарабынан кармалган. УКМК ишкердин компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге эки көп кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген. Анын кесепетинен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилген.  

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей