БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Матраимов менен Ражабалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Матраимов менен Ражабалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Т-Медианын коллажы

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындай чечимди Борбордук шайлоо  комиссиясы бүгүн, 22-февралдагы отурумунда кабыл алды.

Маалыматка караганда, Боршойкомго эки депутаттын арызы келип түшкөн. 

Искендер Матраимов 2021-жылдагы шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. Райымбек Матраимовго быйыл УКМК тарабынан издөө жарыяланган. 

Ал эми Нурлан Ражабалиев мурда Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон. 2021-жылы 27-январда "Коррупция" беренеси боюнча соттолгон. Ага Райымбек Матраимовдун коррупция боюнча ишинде айып тагылып, чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык 260 миң сом төгүп берген.

Бул ишке байланышы бар делип, Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн. Ал да 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей