БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ислам жана Руслан Матраимовдордун камактагы мөөнөтү узартылды

Ислам жана Руслан Матраимовдордун камактагы мөөнөтү узартылды

УКМК тараткан сүрөт

Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-июлга чейин тергөө абагында калтырганы белгилүү болду. Маалыматты "Т-Медиага" Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады. 

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Руслан жана Исламбек Матраимовдорго Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренеси менен иш козгогон. Ош шаардык соту аларды 18-майга чейин камакка алган.  

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу", "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери менен айып тагылган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылган. Ал эми Тилек Матраимовго "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголуп, Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камалган. 26-апрелде Ош облустук соту аны үй камагына чыгарган. 

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей