БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Диплом чуусу: Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнөв депутаттык мандат алды

Диплом чуусу: Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнөв депутаттык мандат алды

Сүрөт: Борбордук шайлоо комиссиясы

Чынберди Төлөновго Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты тапшырылды. Бул тууралуу 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Төлөнов диплом чырына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча келди. Жаңы депутатка Боршайком төш белги жана күбөлүк тапшырды. 

52 жаштагы Чынберди Төлөнов Ош облусунун Өзгөн районунун Кысык-Алма айылында туулган. Жогорку билимдүү, кесиби боюнча юрист-укук таануучу. Буга чейин "Кыргызтелеком" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлүгүндө жана президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын мамлекеттик имараттар департаментинин директору болуп эмгектенген. 

Эске салсак: 31-октябрда Жогорку Сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча административдик жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырылган.

2022-жылы 8-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети депутаттар Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжановду «жасалма диплом алууга» шектеп, маалыматты Боршайкомго өткөрүп берген. БШК эки депутатты мандатынан ажыратканы 6-июлда белгилүү болгон. Эл өкүлдөрү мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

 Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан», ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракцияларынын депутаттары. Экөө тең дипломдору жасалма экенин четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алимжанов диплом чырына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин сотко берген. 

Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми  Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуган. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей