БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжайда беш жаштагы бала селден каза болуп, миңдей адам көчүрүлдү

Кадамжайда беш жаштагы бала селден каза болуп, миңдей адам көчүрүлдү

Сүрөт: президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

24-июнда катуу жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда сел жүрдү. Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы селден беш жаштагы Саидазим Илхамов каза болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 25-июнда билдиргендей, беш жаштагы тургундун жансыз денеси 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Селден Жеңиш айылынын 70 жаштагы тургуну да жабыркап, ооруканага жаткырылды. Учурда абалы орто деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн короолоруна, беш социалдык обьектиге, бир кичи футбол аянтчасын суу каптаган. Жети ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, эки суу кампага жана бир трансформаторго зыян келген. Сел сегиз бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүшкөнү айтылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 25-июнда сел кесепеттерин жоюу боюнча облустагы район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматы менен ыкчам штаб өткөрдү.

Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүүнү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү шарттарды тузүү, селден жабыркаган жарандарга психологиялык жардам уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүү тапшырмасын берди.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөөрүн эскерткен.

Автор: Т-Медиа > 354 статей