БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кадамжайда каза болгон келиндин кыздары убактылуу үй-бүлө тибиндеги үйгө өткөрүлүп берилди

Кадамжайда каза болгон келиндин кыздары убактылуу үй-бүлө тибиндеги үйгө өткөрүлүп берилди

Каза болгон Айкыз Калмурза кызы. Сүрөт: "Азаттык"

Баткендин Кадамжай районунда күйөөсү муунтуп өлтүргөн деп айтылып жаткан келиндин эки кызы үй-бүлө тибиндеги "Кут Кадам" үйүнө убактылуу өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу "Т-Медиага" Кадамжай райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчичси Махабат Абдыкадырова билдирди.

Айтымында, мындай чечимди 12-январда жергиликтүү бийликтин алдында түзүлгөн комиссия кабыл алган. Анын негизги себеби соттун чечими чыкканга чейин жашы жете элек кыздардын психологиясын коргоо жана эки жакка бөлбөй чогуу тургузуу болгон. 

"Окуядан кийин каза болгон келиндин туң кызы чоң энесинин колунда, ал эми экинчиси каза болгон келиндин бир тууган эжесинде калган экен. Кадамжай райондук адмнистрациясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссиябыз бар. Алар ушундай чечим чыгарды. Анткени шектүүнүн апасы да, каза болгон келиндин жакындары да бул окуядан кийин ыйлап, ызаа болушуп акыбалдары жакшы эмес. Ал жашы жете кыздар сөздөрдү түшүнүп, акылдары жетип калган", -деди ал.

Кыздардын улуусу алты, кичүүсү үч жашта. Экөөнүн тең угуп, сүйлөөсү жайында, саламаттыгы жакшы.

Үстүбүздөгү жылдын 2-январында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Бул тууралуу 11-январда Баткен облустук милициясы кабарлаган. Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү аялы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө бара жатып уруша кетишип, жубайын муунткан. Аялы окуя болгон жерде каза болгон.

Келиндин сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча  Кылмыш Жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. 

Каза болгон келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча биринчи топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошунун да ушундай эле майыптыгы бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей