БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Калифорния: токой өртүнөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Калифорния: токой өртүнөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Сүрөт: РИА Новости

АКШнын Калифорния штатындагы токой өртүнөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 10-январда кабарлады. 

Чикаго шаарындагы Башкы консулдук Калифорния штатында жарыяланган чукул кырдаалга байланыштуу кыргызстандык жарандар менен байланышта.
 

"Азыркы учурга карата Лос-Анжелестеги өрттө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган жок", -деп жазылат маалыматта. 

ТИМ Калифорния штатындагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана көрсөтмөлөрдү аткарууга, сак болууга жана өрт курчаган аймактарга барбоого чакырды. Ошондой эле зарылчылык жаралган учурда Чикагодогу Башкы консулдукка +1 312 929 34 42 телефону аркылуу байланышуу сунушталды. 

7-январда Калифорнияда токойдон өрт чыгып, ошондон бери токтой элек. Акыркы маалыматтарга караганда, кырсык сегиз кишинин өмүрүн алды. Лос-Анжелес округундагы өрттүн аянты дээрлик 11 миң гектарды түздү. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала