БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев Ноокат жолун жана сел алган көпүрөлөрдү октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды

Ташиев Ноокат жолун жана сел алган көпүрөлөрдү октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды

Видеодон скриншот

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев октябрга чейин Ош - Ноокат жолунун 19,5 чакырымы жана үч көпүрөнү толугу менен бүткөрүүнү тапшырды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, видео жарыялады.

Маалыматка караганда, Ташиев бүгүн, 22 июлда президенттин тапшырмасы менен Ноокат районуна селден кийинки абалды көрүү үчүн барды. Ал эл менен жолуккан. Ошондой эле Транспорт министрлигине жолдун өздүк баасын көтөрбөө зарылдыгын айтып, эгерде каражат максатсыз пайдаланылса жоопкерчилик каралганын эскертти.

"Өзгөндө шаарды айланып өтүүчү жол куруп жатабыз. Кыргызстандын тарыхында курула элек эки көпүрө салынып жатат. Ошолорду курган адистерди Ноокатка алып келдик. Бул жакта салынуучу көпүрө, жол стандартка жооп берген, сапаттуу болот. Жаңы технологиялар колдонулат. Техникалар дагы келет", -деп айтты Камчыбек Ташиев.

УКМК төрөгасы президенттин Ош облусундагы өкүлүнө жолдун курулушунун жүрүшүнө жума сайын көзөмөл жүргүзүүнү милдеттендирди. 

Кыргызстанда быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталган. Анын жалпы чыгымы 170 млн сомдон ашканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Соңку бир жарым айда суу ташкыны 19 адамдын өмүрүн алды. Табийгый кырсыктан жүздөгөн үйлөр, социалдык обьектилер, чарбалык жолдор зыян тарткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей