БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда облустук соттун үч судьясы кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып кармалып, камалганын билдирди. Бул тууралуу ал 24-ноябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.
Ташиев камалган судьялардын аты-жөнүн ачыктаган жок.
"Кечээ (ред-23-ноябрда) кечинде эле Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы кармалып, камалды. Ошол үч сот дагы президенттин алдынан, Судьяларды тандоо кеңешинен өткөн. Көп жылдан бери кызмат кылып келишкен. Президенттин алдында "таза кызмат кылабыз" деп убадасын беришкен. Бирок ошол эле мезгилде жеке кызыкчылыктан улам, коррупцияга берилип, мыйзам бузушту. Ошонун негизинде кечээ алып барып камадык"-деген ал.
Соңку эки жылда бир катар судьялар жемкорлукка жана пара алуугау шек саналып кармалышкан. Айрымдарына сот тарабынан айып пул салынгандан кийин боштондукка чыгарылса, башкалары акталган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat