БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кар көчкүдөн улам Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу эки тараптуу жабылды

Кар көчкүдөн улам Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу эки тараптуу жабылды

Сүрөт: ӨКМ

Калың кар жааганына байланыштуу Ош облусундагы Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 74-85 чакырымында (Тамчы тилкеси) болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түштү. Мындан улам автоунаа жол убактылуу эки тараптуу жабылганын 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Жабыркагандар жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Кар көчкүнү тазалоо үчүн эки жүктөгүч, эки бульдозер жана бир манипулятор тартылган.

Соңку эки күндөн бери аба ырайы кескин өзгөрдү. Оштун Кара-Кулжа районунда, Ысык-Көлдүн Ак-Суу жана Түп райондорунда бир нече жол каттамдары жабык турат.

Кыргызгидромет борбору 13-декабрда аба ырайы туруксуз болорун, 14-декабрдан тарта абанын температурасы төмөндөөрүн эскерткен. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей