БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты пара алууга шектелип кармалды

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты пара алууга шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты пара алууга шектелип кармалганын билдирди.

Бул кызмат адамдары "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалган. 

Шектүүлөрдүн бири шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча комиссиясынын төрагасы. Атайын кызматтын маалыматында, ал шаардык кеңештин төрагасы аркылуу "Капчыгай" кафесин муниципалдык менчикке сатып алууну шаардык бюджетге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн кафенин мурдагы ээсинен 500 миң сом талап кылган. 

УКМК шектелген депутатты жарандардын маселесин көтөрүүнү шылтоолоп, акча талап кылып жүргөн деп айыптады. 

"Аталган депутат К.Б.Н. коомдук талкууга социалдык-тиричилик жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген"-деп жазылат УКМКнын маалыматында. 

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей