БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата күмүш тыйындар жүгүртүүгө чыкты

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата күмүш тыйындар жүгүртүүгө чыкты

Сүрөт: Улуттук банк/ "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" монетасы

Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бүгүн, 20-августа күмүш коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Анын наркы 4 820 сомду түзөт. Каалоочулар күмүш тыйынды Башкы банктын бөлүмдөрүнөн сатып алса болот.

"Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" тыйынынын алдыңкы бетинде негизги элемент катары "Ала-Тоо" тоолорун чагылдырган "100" деген сан, улуттук оймо-чийме жана чексиздик белгиси, ошондой эле "жыл" деген жазуу түшүрүлгөн. Ал эми арткы бетинде "Ала-Тоо" тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан.

Ар бир коллекциялык тыйын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Алар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан сырткары, www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу дагы сатылат.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей