БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда бажы терминалынын жери сынакка коюлуп, долбоорлор жабык корголду

Кара-Сууда бажы терминалынын жери сынакка коюлуп, долбоорлор жабык корголду

Сынакка коюлган бажы терминалынын жери

Кара-Суу райондук администрациясы Жоош айыл өкмөтүндөгү бажы терминалынын ордун ижарага берүү үчүн 12-февралда сынак өткөрдү. Ага төрт компания катышып, долбоорлор жабык эшик артында корголду. Сынакка журналисттер жана компаниялардын өкүлдөрү киргизилген жок. 

Буга чейин "Т-Медиа" редакциясы бажы терминалынын ордун "МегаКомпани" жоопкерчилиги чектелген коому  мыйзамсыз ээлеп, миллиондорду айлантып келгенин ачыктаган. Анда аталган компаниянын терминал иштетүүгө уруксат кагазы жок экендиги белгиленген. 

Андан соң Кара-Суу райондук администрациясы терминалды алдыртып, тазалабай туруп ижарага берүү чечимин кабыл алганы кабарланган. Анда юристтер бул уюштурулган сынакта түздөн-түз мыйзам бузуучулук бар экенин билдиришкен.

Бир канча мыйзам бузуу бар экендиги айтылганына карабастан, Кара-Сууга жаңы келген аким Темирболот Абыкеев сынак өткөрүүгө уруксат берген. Ал эми жарандар буга чейинки сынактар ачык эле өтүп келгенин, бул жолу жабык өтүп жатканы күмөн жаратаарын айтышты.

"Бул жерде "мафия" барбы деген ой келет. Эмнеге дегенде катышуучуларды биз да уксак, жеңүүчүчө деген ынануу ой пайда болот да. Негизи ачык сынак деп айтылгандан кийин ачык болушу керек", -дейт Каратай айылынын тургуну Рахманберди Султанов. 

Ал эми коммисиянынын төрагасы Улан Батыров жогорудагы нааразычылыктар орунсуз экенин билдирди. Ал катышуучулар киргизиле, ызы-чуу салып комиссиянын оюн бөлмөк дейт.

"Комиссия суроо берсе, "сен эмнеге антип суроо берип жатасың?" деп талаш-тартыш болуп жатат. Ошого комиссиялар дагы тынч, жай-баракат отуруп, ар ким өзүнүн тармагы боюнча суроосун бериши керек", -деген ал.

Сынактын жыйынтыгы үч күндөн жети күнгө чейинки убакта каралып, райондук администациясынын расмий сайтына  жарыяланаары айтылды. Эгерде сынакты уюштурууда мыйзам бузуу аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөөрүн көзөмөл органынан билдиришти.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей