БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кара-Сууда дагы бир талапкер жарыштан четтеди

Кара-Сууда дагы бир талапкер жарыштан четтеди

Сүрөт: Интернеттен алынды

Кара-Суу бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңешке аттанган талапкер Дамирбек Давлянов өз арызынын негизинде талапкерликтен баш тартты. Бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Дыйканбай Даминов “Т-Медиага” билдирди.

"№ 9 Кара-Суу бир мандаттуу окуругунан талапкер Дамирбек Давлянов өз арызы менен талапкерлигин алды. Бизге арыз жазган"-дейт Даминов.

Дамирбек Давлянов 1986-жылы төрөлгөн. Ал ички иштер кызматтында иштеп пенцияга чыккан.

Дыйканбай Даминов Кара-Суу округунда талапкерлердин саны дагы кыскарышы мүмкүндүгүн айтты. Аталган аймакта талапкерлердин акча таратуу фактылары аныкталып жаткандыгын, бирок кайсы талапкер экендигин ачыктаган жок.  Шайлоо өнөктүгү бир мандаттуу Кара-Суу, Ош жана Баткен округдарында 28-апрелге белгиленген.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 макала