БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кара-Сууда сот аткаруучу пара алууга шектелүүдө
Ички иштер министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунун сот аткаруучусу 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылын 23-декабрынан тартып, сот аткаруучу Кыргызстандын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп пара талап кылганы айтылат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда Ош облустук милициясы тергеп жатат.
Кармалган жарандын жактоочусу же жакындары азырынча комментарий бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat