БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Сууда журналисттер менен байланышкан окуяга тиешеси бар адамдар такталууда

Кара-Сууда журналисттер менен байланышкан окуяга тиешеси бар адамдар такталууда

Сүрөт: Турмуш

Ош облустук милициясы Кара-Сууда журналисттер коркутууга кабылганы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматты териштирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы учурда окуяга тиешеси бар адамдардын өздүгү такталып жатканын "Т-Медиага" 26-июнда билдирди. 

Маалым болгондой, бул факт Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Тергөөгө чейинки текшерүүдө окуя 24-июнь күнү Папан айыл аймагында болгону аныкталган. Облустук милиция анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалады. 

24-июнда "Ош ТВ" телеканалынын журналисттери туризм тууралуу материал даярдоо үчүн Кожокелең айылына баратып коркутууга кабылган. Алар "ажы той" өтүп жаткан жерде жол тыгынына кабылган. Автоунаалардын арасынан Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеевдин кызматтык унаасын байкашкан. Анын иш убактысында тойдо жүргөнүнө кызыгып суроо беришкенде, ал жашоочулар мене жолугушууга келгенин айткан. Журналисттердин маалыматы боюнча, кийин Абыкеев жанындагылар менен бирге алардын телефон жана камераларын күч менен тартып алып, видеону өчүртүшкөн. 

Абыкеев "Кактус Медиага" берген комментарийинде айтылгандардын баарын четке каккан. Ал Кожокелеңде жашоочулар менен жолугушуу өткөргөнүн, жада калса анын графигин да көрсөтө аларын айткан.

40 жаштагы Темирболот Абыкеев Кара-Сууга аким болуп былтыр декабрда дайындалган. Ага чейин Чоң-Алай районун жетектеп турган. Ал президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин тууганы.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей