БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кара-Суу: Зымырык участкасында шайлоочулар беш саат добуш бере алган жок

Кара-Суу: Зымырык участкасында шайлоочулар беш саат добуш бере алган жок

Сүрөт интернеттен алынды

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймагындагы Зымырык шайлоо участкасында урна иштебей, беш саат эч ким добуш бере алган эмес. Бул маалыматты "Т-Медиага" Борбордук шайлоо комиссиясынын райондогу атайын өкүлү Эрлан Алдыраков тастыктады. 

“Саат 13:30да ишке кирди. Бир күн мурда текшергенбиз. Иштеген баары жайында болгон. Эми техникада не болгонун билбейбиз. Учурда иштеп жатат, шайлоочулар өтүүдө”- дейт Эрлан Алдыраков. 

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү саат 8:00дө башталган. Кечки саат 20:00дө жыйынтыкталат. Кара-Суу районунда саат 16:00гө чейин шайоочулардын 17%ы добуш берди.

Шайлоо 33 шаарда жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы шаардык кеңештердеги миңдей мандат үчүн беш миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештин депутаттыгына 10 миңдей жаран талапкерлигин койгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала