БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
«Карап отурбайбыз». Оштун тургундары оюлган жолго шагыл төгүп, тегиздетүүдө
Ош шаарынын Тажик көчөсүндөгү жолду жашоочулар шагыл төктүрүп, өздөрү тегиздей баштады. Быйыл октябрда Монуев - Шакиров - Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушу башталып, Монуев көчөсү жабылган. Мындан улам калаага кирип-чыккан автоунаалар ушул жол менен каттап жатат.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул жол көп жылдан бери оңдолбой турат. Мурда унаалар көп каттачу эмес. Азыр эми негизги жолго айланып кыймыл көбөйгөндө абалы көпчүлүктү түйшөлтүүдө.Тажик көчөсүнүн тургуну Омад Абдуллаев жашоочулар өтмөктүн курулушу жүрүп жаткан жерден шагыл алып келип төктүртүшкөнүн айтат. Эми каражат топтоп аны тегиздетишет.
"Бул Тажик көчөсү бир тараптуу жол болуп, маршруттар да каттап калды. Жолду карасаңар уңкур-чуңкур. "Муну тегиздеп коёлу" деп жашоочулар менен сүйлөштүк. Өтмөк курабыз деп жаткан жерден шагыл төгүп беришин сурансак, эки КАМАЗ жеткирип берди. Эми муну жайышыбыз керек. Эки сааттын ичинде трактор келет. Жашоочулардан акча топтоп, тегиздетип салабыз. Бул жерден өткөн унаалар да кыйналбай калат", -дейт Абдуллаев.
Монуев көчөсү жабылгандан кийин айрым кичи автобустар да ушул жол менен каттамга коюлган. Оюлган жерлерден өтүш кыйын болуп, айдоочулар да шагыл төктүрүп, тегиздөөгө каражат топтоп жаткан. Бирок кийин каала бийлиги коомдук транспорттун картасын өзгөртүп, Алимжанов көчөсү аркылуу каттоого уруксат берген. 127-каттамдын айдоочусу Уранбек Орозокулов "топтолгон каражатты башка керектөөгө жумшайбыз" дейт.
"10-ноябрда Ош - Отуз-Адыр каттамынын айдоочулары акча топтоп Тажик көчөсүндөгү жолду тегиздеген. Кийинки кезек бизде эле. 127-каттамдын айдоочулары шагыл төктүрүп, тегиздемекбиз. Ал үчүн 40 айдоочу 200 сомдон чогултканбыз. "Кылалы" деп жатканыбызда Айбек Алимжанов жолун ачып берди. Азыр жүрүп жаткан жолубузга коомдук транспортко гана уруксат берген. Жеңил унаалар жүрбөйт. Топтогон акчаны кайра таратып бербей, карап көрүп башка нерсеге жумшайбыз".
Жашоочу, айдоочуларды түйшөлткөн Тажик көчөсүндөгү жол менен Ош шаарынан Отуз-Адыр, Өзгөн, Баш-Булак, Алай райондоруна чыккан айдоочулар каттап жатат. Жергиликтүү бийлик болсо жолду оңдоону кийинки жылы планга киргизерин билдирди.
Автор: Бурханов Байэл > 24 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat