БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Катуу жаандан улам Ошто сел жүрүп, унаа жолдору жабылды

Катуу жаандан улам Ошто сел жүрүп, унаа жолдору жабылды

Сүрөт: Т- Медиа

14-июлда түштөн кийин катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун бир катар айылдарында сел жүрдү. Мындан сырткары Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы ташып борбордук базарды каптады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел суулары Ош - Гүлчө - Эркечтам унаа жолуна кум-шагыл толтуруп салганын билдирди. Мындан улам жолдун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылды. 

Мындан  сырткары 13:30дар чамасында Ноокат районунун  Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылында дагы сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 57-чакырымы убактылуу жабылган. 

Маалыматка карганда 

"Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Кара-Суу району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн өздүк курамына жана Жарандык коргонуу кызматтарына "Айгай" жарыяланды",- деп айтылат маалыматта. 

Министрлик ошондой эле жаанга байланыштуу Төлөйкөн жана Озгур айылдарында да сел жүрүп, Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Учурда 420 адам эвакуацияланды.

Социалдык тармактарда жамгырдан улам Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы ташып, сел борбордук базарды каптаган видеолор тарап жатат. Күбөлөрдүн айтымдарында, буюм-тайымдар, товарлар сууда калып, автоунаалар аккан.

ӨКМ Ош шаарындагы кырсык жана анын кесепет-зыяны тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей