БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Казакстан: аялын өлтүрүүгө айыпталган Бишимбаевге сот өкүмү чыкты
Аялын өлтүрүүгө айыпталган Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча сот өкүмү чыкты. 13-майда Астана соту аны күнөөлүү деп таап, 24 жылга эркинен ажыратты. Ал эми окуяны жашырган деп айыпталган тууганы Бакытжан Байжанов төрт жылга кесилди.
Бишимбаев "Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" жана "Кыйноо" беренелери боюнча айыптуу деп табылды.
Аталган ишке байланыштуу соттук териштирүүлөр 11-мартта башталган. Анда бардык отурумдар түз эфирде көрсөтүлүп жатты.
Прокурорлор сотто "Салтанат Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумганын, ал Бишимбаев тарабынан бир нече саат тынымсыз сабалган" деген корутунду менен тааныштырган. 6-майда Бишимбаев акыркы сөзүндө "айыптуумун, бирок атайылап өлтүргөн жокмун"деп айтып, өз аракети мындай аяктайт деп ойлобогонун кошумчалап, кылган ишине өкүнөрүн белгилеген. Ошондой эле ал баарынан кечирим сураган.
31 жаштагы Салтанат Нукенова ур-токмоктон жан берген. Окуя 2023-жылы 9-ноябрда Астанадагы BAU ресторанында орун алган. Анда аталган жерге чакыртылган тез жардам жаш келиндин каза болгонун билдирген. Андан көп өтпөй Бишимбаевдер иштеткен ресторанда жубайлар ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын ур-токмокко алганы белгилүү болгон. Кийин милиция шектүү катары маркумдун жарандык күйөөсү Куандык Бишимбаевди камакка алган.
Окуя тартылып калган видео тасма кийин шектүүнүн буйругу менен өчүрүлгөнү айтылган. Анткен менен тергөө учурунда өчүрүлгөн тасмалар калыбына келтирилип, Бишимбаев аялын бетке муштап, жерге жыгылгандан кийин тепкилегени белгилүү болгон.
Эске салсак: соттолуп жаткан Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. Ал 2018-жылы коррупция беренеси менен 10 жылга камалып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.
Автор: Боромбаев Максат > 146 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat