БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын баары акталды

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулардын баары акталды

Сүрөт: "Азаттык"

14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 22 кишини актады. Алар - Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жениш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гулнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чынгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов. 

Маалыматты алардын жактоочулары билдирди.

Ал эми айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан саясатчылар Кеңешбек Дуйшебаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөн. Ошондой эле Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши дагы өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Соттук жараян жабык өттү. Айыпталуучулардын тарапташтары соттун имаратынын алдында акыйкат чечим чыгышын, кармалгандарды бошотууну талап кылып турушту.

10-июндагы отурумда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган. Мунун алдында айыпталып жаткандар 4-июнда журналистерге маалымат берип, соттук териштирүүдө айыптоо актысы баарына окулбай эле иш каралып жатканын, тийиштүү бир да күбө суралбаганын айтышкан. 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кийин алардын ичинен сегизи тергөө абагында, калгандары үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке "жашыруун"грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп келет. Милиция аларды "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү", "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей