БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Керектөөчүлөрдүн укуктары". Сатып алган буюмду кайра кайтарса болобу?

"Керектөөчүлөрдүн укуктары". Сатып алган буюмду кайра кайтарса болобу?

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, сизге сапатсыз товар сатышкан болсо, аны тапшырып, акчасын кайтарып же башка буюмга алмаштырып алууга толук укугуңуз бар.

Бул жерде сөз азык-түлүк эмес товарлар жөнүндө болуп жатат. Аны алмаштыруу үчүн болгону товарды дал ошол соода түйүндөн алганыңыздын далили болушу керек. Соодагер сизге жети күндүн ичинде башка товарды берүүгө милдеттүү.

Эгер, сапаты талаптагыдай товар болсочу?

Эгер, сапаты жакшы болуп, бирок көлөмү, түзүлүшү, түсү, өлчөмү сизге туура келбей калса да, аны 14 күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуусуз. Мындайда сиз алган буюм колдонулбаган, сырткы көрүнүшү сакталган, фабрикалык жарлыктары, алганыңызды далилдеген чеги бар болушу керек. Товардын акчасын кайтарууга сатуучуда мүмкүнчүлүк жок болсо, ага бир жума убакыт берилет.

 

 

 

 

 

 

 

Онлай алып-сатуудачы?

Аралыктан буюртма кыларда сатуучу сизге товарды кайтаруу мөөнөтү, анын сапаты жөнүндө толук маалымат бериши керек. Мындайда да сиз буюмга буюртма бергенден кийин ал колуңузга тийгенче каалаган учурда товардан баш тартсаңыз болот. А колуңузга тийгенден кийин 14 күндүн ичинде кайтарууга укугуңуз бар. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сатуучу онлайн сатууда товар жөнүндө аны кайтаруу мөөнөтү жөнүндө эч кандай маалымат бербесе үч ай ичинде да буюмду кайтарып же алмаштыра аласыз. Мындайда товар жаңы боюнча сакталып, ошол сатуучудан алгандыгыңыз жөнүндө далилиңиз болушу керек. Сиз товардан баш тартканда сатуучу он күндүн ичинде, эгер, буюмду кайтарып салып жиберсеңиз колуна тийгенден беш күндүн ичинде акчасын кайтарып бериши керек. 

Ойлайн сатууда сиз буюмду артка салып жибергениңиз үчүн жеткирип берүү акысын сатуучу өзү төлөйт. 

Автор: Байэл Бурханов

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей