БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кийинки VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. 

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасын Кыргызстанга өткөрүү тууралуу буга чейин бир эмес, бир нече жолу айтканбыз, талкуулар болгон. Негизи казак тарап эстафетаны бизге өткөрүп берүүгө даяр".

Быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 268 кыргызстандык спортчу барып, спорттун 29 түрүнө катышат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлөт. Алгач эки жыл сайын үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. 

Андан кийин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчулар спорттун 14 түрүнөн катышып, 58 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль.

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей