БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Күйүүчү майды мыйзамсыз короткон". Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлерине кылмыш иши козголду

"Күйүүчү майды мыйзамсыз короткон". Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Сүрөт интернеттен алынды

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерлери 7 млн 179 миң сомдук 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз коротууга шектелип жатат. Шаардык прокуратура ишкананын жоопту кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун кабарлады. 

Прокуратуранын маалыматына караганда, алар 2022-2024-жылдары мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, күйүүчү майды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен. Бул үчүн жеке автоунааларын кызматка пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүшкөн.  

Бул факты боюнча шаардык прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелери менен иш козгоп, тергөө иштерин баштады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей