БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ӨКМ: «Сосновка» бекетинде оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди
Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Чектөө таңкы саат 07:20дан тартып кирген.
"Кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди", -дейт министрлик.
Ал эми Токтогул районунун "Арал" постунда да оор жүк ташуучу унаалар түнкү саат үчтөн тартып өткөрүлбөй жатат. Чектөө унаа жолдун абалы жакшырган учурда алынат.
Кыргызгидромет 8-9-декабрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, катуу суук болорун эскерткен. Абанын температурасы -15°Сге чейин төмөндөйт. Жолдордо муз тоңуп, тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн.
Автор: Боромбаев Максат > 157 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat