БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ: жер кайрадан силкиниши мүмкүн деген маалымат жалган

ӨКМ: жер кайрадан силкиниши мүмкүн деген маалымат жалган

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, 23-январдагы жер титирөөгө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды жана жер кайрадан силкиниши ыктымал деген маалыматты четке какты.

"Урматтуу жарандар! Социалдык түйүндөрдө жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз".

Министрликтин маалыматына караганда, 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайда жер титиреп, күчү сегиз баллга жетти. Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл жана Бишкек шаарында 3 баллга жетти.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында төрт жолу жер силкинген. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлгөн.

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандан тышкары Казакстанда да сезилди. Алматынын өзгөчө кырдаалдар мекемеси саат 00:09дагы жер титирөөнүн очогу бул шаардан 264 чакырым түштүк-чыгыш жакта күчү 6,7 балл болуп катталганын маалымдады.

Алматынын өзүндө 5 баллга жетти, Шымкентте 2 балл болду.

Автор: Т-Медиа > 354 статей