БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Коммерциялык эмес уюмдарды каттоо жобосу бекитилди
Юстиция министрлиги Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишин текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитти.
Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар тиешелүү арыздарды 16-майдан тартып эки айдын ичинде Юстиция министрлигине тапшырышы керек.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 14-мартта үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган. 2-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал бейөкмөт уюмдарга куугунтук болбошуна мамлект башчы катары кепилдик берерин белгилеген.
Мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин бир нечеси баш тарткан.
Документ чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчынын ишин аткаруучу" деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. Каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
Автор: Осмонова Айдана > 812 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat