БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

«Крокустагы» кол салууга байланыштуу дагы бир шектүү кармалды

"Крокустагы" кол салууга байланыштуу дагы бир шектүү кармалды

Сүрөт: Sputnik / Кирилл Брага

Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кол салуу боюнча дагы бир шектүү кармалганын билдирди. Ал чабуулду аткарды деген адамдарды каржылоого айыпталып жатат. 

Тергөө комитети жаңы шектүүнү камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрыла турганын билдирди. Башка маалымат берилген жок. Ведомство ошондой эле "Крокус Сити Холлго" кол салгандар менен украин улутчулдарынын ортосунда байланыш бар экендиги тууралуу далилдер алынганын билдирди.

"Тергөө теракт жасагандар Украинадан олуттуу суммада акча жана криптовалюта алганын тастыктады, алар кылмышты даярдоодо колдонулган", - деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.

Далилдер кармалгандардын техникалык жабдууларын экспертизадан өткөрүү жана алардын каржы операцияларын талдоо аркылуу алынганы белгиленди.

"Крокус Сити Холлго" куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Автор: Т-Медиа > 385 макала