БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Коопсуздуктан улам Курман айт намазы аянттарда окулбайт
Курман айт намазы коопсуздуктан улам жер-жерлердеги мечиттерде гана окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул чечим тууралуу 11-июнда кабарлады.
Намаз убактысы эрте менен саат 7:30га белгиленди.
16-июнда жалпы мусулман коомчулугу Курман айт майрамын белгилейт. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн катары менен - 15-16-17-июнда эс алышат.
Курман айт Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Орозо айт быйыл 21-апрель жума күнү белгиленген. Кыргызстандык зыяратчылардын быйылкы ажылык сапары 3-июндан башталган. Муфтият билдиргендей, Кыргызстан үчүн 6060 квота берилген. Зыяратчылардын 4 миңи Оштон учса, калгандары 5-10-июнь аралыгында Бишкектен учуп кетишти.
Эске салсак, 10-апрелде Орозо айт намазы да коопсуздукка байланыштуу мечиттерде окулган. Жыл сайын Айт жана Курман айт намаздары шаарлардын аянтарында окулуп келген.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat