БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз диаспорасы Орусиядагы мигранттарга чукул кайрылуу жасады

Кыргыз диаспорасы Орусиядагы мигранттарга чукул кайрылуу жасады

Видеодон скриншот

Кыргызстандын Орусиядагы диаспорасы миграцияда жүргөн мекендештерге "массалык терракт" боюнча 23-августта чукул кайрылуу жасады. Анда эл аралык террордук уюмдар жардырууну жеткирип берүү, такси кызматында иштегендер аркылуу ишке ашырууну пландап жатыканы айтылат.

"Бизге Орусиянын Ички иштер министрлигинен ташырма келди. Эл аралык террордук уюмдар өлкөнүн аймагында чоң жардыруу жасаганы аракет кылып жатышыптыр. Оперативдик маалыматтар боюнча, аны курьерлер аркылуу, жардыруучу нерсени жетизип туруп ошол жерден курьер менен чогуу жардырганга аракет кылып жатышыптыр. Ошого такси кылган мекендештерибиз, ошондой эле жеткирип берүү кызматындагы мигранттар буюмду алып атканда, берип атканда ачып карап, кимден алып жатканыңыздын аты-жөнүн сөзсүз тактаңыз", -деп айтылат кайрылууда.

 "Крокус Ситидеги" жардыруу 

Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" борборундагы терактта бери дегенде эле 144 киши каза тапкан. Алардын айрымдарын кол салгандар атып өлтүрсө, көбү имараттагы өрттөн улам каза болгон.

Ушу тапта Кыргызстандын 651 миң 405 жараны чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында алардын басымдуу бөлүгү - 408 миңи Орусияда.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей