БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ Баткен шаарында жолугушту

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топ Баткен шаарында жолугушту

Сүрөт: Минкаб

Баткен шаарында 11-17-ноябрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болду.

 

Кыргызстандын Министирлер кабинети билдиргендей, жолугушууда жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын калган участоктордогу долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты. Чек ара боюнча сүйлөшүлгөн иштер Тажикстан өлкөсүндө кийинки отурумда улантылмакчы. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 1-8-ноябрда Тажикстандын Бустон шаарында өткөн.  

Эки өлкөнүн чек ара масалеси толук такталып бүтө элек болгондуктан, буга чейин эки тарап ортосунда түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган кандуу окуялар болгон. 

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей