БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан беш айда 144,4 тонна бал экспорттогон. Инфографика

Кыргызстан беш айда 144,4 тонна бал экспорттогон. Инфографика

Интернеттен алынды

Кыргызстан ушул жылдын январь-май айларында 144,4 тонна балды сыртка экспорттогон. Анын жалпы суммасы 68 млн 405 миң 500 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өлкөдөн эң көп бал -  32 тонна Кувейт өлкөсүнө экспорттолгон. Анын баасы 7 млн сомдон ашкан. Бул өткөн жылдын ушул айларына салыштырганда 28,9 тоннага көп. 

Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөгө жалпы 348,2 тонна бал жеткирген.

Кыргыз балы жалпы 14 мамлекеттке экспорттолгон. Эң аз жеткирүүлөр Бахрейнге, Индияга, Иорданияга, Сауд Арабиясына жана Улуу Британияга жасалган.

 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей