БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан былтыр канча автоунаа импорттогон? Инфографика

Кыргызстан былтыр канча автоунаа импорттогон? Инфографика

Сүрөт интернеттен алынды

 Улуттук статистикалык комитет 2023-жылы Кыргызстанга 184 миң 789 жеңил унаа импорттолгонун кабарлады. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 143 миң 548 унаа көп алынып келинген дегенди түшүндүрөт. Алардын баасы жалпы баасы 2 миллиард 766,9 миллион долларды түзгөн. 

Автоунаалар жалпы 61 өлкөдөн импорттолгон. Негизгилери Кытай, Түштүк Корея, Орусия, АКШ, Япония жана Германия.

Ал эми Кыргызстан өткөн жылы сыртка 87 миң 73 жеңил унаа экспорттогон. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 7 725 унаага көп. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияга чыгарылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей