БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстан жыл башынан берки кырсыктардан 2 млрд сомго жакын зыян тартты

Кыргызстан жыл башынан берки кырсыктардан 2 млрд сомго жакын зыян тартты

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Табигый жана техногендик кырсыктардан улам өлкө 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов 25-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, соңку күндөрдөгү селдин зыяны бул суммага кошулган жок. Ал эсептелип чыкса зыяндын өлчөмү дагы көбөйүшү мүмкүн. Ушул тапта Ош, Жалал-Абад облустарындагы табият кырсыгынын көлөмү такталууда.

Өлкөдө быйыл сел кырсыгынан улам 22 адамдын өмүрү кыйылды. Алардын 15и жаш балдар. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган. Акыркы сел 23-июлда Жала-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында катталып, 23 унааны агызып кетти. Тогуз турак үйгө, борбордук ооруканага да суу кирген. 

 

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. 

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан.

Автор: Т-Медиа > 347 статей