БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук жана ысык суунун тарифи көтөрүлөт

Интернеттен алынды

1-июндан тарта өлкөдө жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлөрүн Энергетика министрлиги 31-майда кабарлады. 

Министрликтин маалыматына ылайык, буга чейин ысык суунун 1 гигакалориясы үчүн калк 1120 сом төлөсө, эми 1560 сомдон төлөм жүргүзүшөт. 

Ал эми жылуулуктун буга чейин 1 гигакалориясы үчүн баа калкка 1248 сом болчу. Өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Министрлик 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын белгилөөдө. 

Соңку ирет жылуулукка жана ысык сууга болгон тариф былтыр июнь айында көтөрүлгөн.

Эске салсак, 2024-жылдын 2-февралында таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. ЖЭБ авариядан улам Бишкекте ысык суу берүүнү 22-апрелден тарта токтоткон. 

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей