БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда 1-октябрдан пенсия көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан пенсия көбөйөт

Сүрөт: economist.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкө жарандарынын пенсиясын индексациялоо жөнүндө токтомго кол койду. Тиешелүү документ "Токтом" порталында жарыяланды.

Ага ылайык, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%, бирок 1000 сомдон кем эмес суммага жогорулайт. Мындан тышкары Социалдык фондго эң аз пенсияны 6900 сомго чейин жеткирүү тапшырылды.

Пенсия жогорулай турганын президент Садыр Жапаров май айынын аягында айтып, 2024-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия 6800 сомдон кем эмес болорун билдирген. Ал бул Конституциясында каралганын, ага ылайык, пенсия жана жөлөк пулдар жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин белгилеген.

2021-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимумунан кем болбошу керек деген жобо киргизилген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2024-жылдын экинчи чейрегинде жашоо минимуму 7 миң 827 сомду түздү.

Автор: Т-Медиа > 352 статей