БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда соңку үч айда 236 сел катталып, чыгымы 170 млн сомдон ашты

Кыргызстанда соңку үч айда 236 сел катталып, чыгымы 170 млн сомдон ашты

Сүрөт: ӨКМ

Өлкө аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев 2-июлда Ноокат районунда табигый кырсыктан улам келип чыккан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешмеде билдирди.

Кеңешменин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөрүп, Бообек Ажыкеев менен транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришкен. Текебаевдин билдиришинче, селдин кесепетинен өлкөдөгү бир нече чакырым жол, тогуз көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланган. 

Акылбек Жапаров алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү жана мүмкүн болуучу сел коркунучтарына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. Мындан тышкары жыйында конкреттүү иш-чаралар, анын ичинде коргоочу курулмаларды куруу, дарыялардын жээктерин бекемдөө, мониторинг системаларын орнотуу жана эрте эскертүү маселелери талкууланган. 

Ош облусунун Ноокат районунда 28-июнда жүргөн сел он кишинин өмүрүн алды. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. 30-июнда Кара-Кулжа районунда да төрт адамды сел алып кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокаттагы селге себеп болгон жагдайларды атады. Буга көнөктөп жааган жамгыр, Абшыр-Ата дарыясынын жээгиндеги бак-дарактар, эс алуу жайларындагы тапчандардын башаламан курулганы, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн жапыз экени себеп болгонун белгиленген. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей