БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргызстанда "Эл Аман" мамлекеттик сегиз дарыкана ачылды

Кыргызстанда "Эл Аман" мамлекеттик сегиз дарыкана ачылды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөдө "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын сегиз түйүнү ачылды. Алардын төртөө Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда, Улуттук госпиталдын базасында, Жал кичи районундагы №1 жана №2 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жайгашкан.

 

Үчөө Оштогу №8 Үй бүлөлүк медицинга борборунун филиалында, шаардык клиникалык ооруканада жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы балдар ооруканасында ачылды. Мындан тышкары бирөө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында уюштурулган. Бул дарыканаларда эң керектүү дарылардын 800дөн ашык түрү бар. Анда дары-дармектер жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатылат.

 

Министрликтин маалыматы боюнча, алгач Кыргызстан боюнча 46 дарыкана ачуу пландалган. 10-ноябрга чейин Бишкекке он, Чүйгө жети, Баткенге алты, Ошко беш, Жалал-Абадга беш, Ысык-Көлгө төрт, Таласка үч, Нарынга үч, Ош шаарына үч дарыкана ачылары айтылган. 

 

Аптекадагы дары-дармектердин түрлөрүн 800 фирмалык аталыштан 2000ге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей