БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргызстанда медициналык кызматтарды мыйзамсыз жүргүзгөндөргө жаза катаалдашты
Президент Садыр Жапаров медициналык кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууга жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзамга ылайык, элдик медицина менен мыйзамсыз алектенгендерге, дары-дармекти мыйзамсыз өндүрүп жана саткандарга жаза күчөтүлөт.
Мыйзамда медициналык ишмердикке лицензия алган жактарды көзөмөлдөө үчүн атайын жоболор кирген. Ошондой эле мыйзамсыз медициналык манипуляциялар жана уруксатсыз клиникалык сыноолор үчүн айып пул 500 миң сомдон 1 млн сомго чейин болот.
Аталган мыйзам добоор 17-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документтин түшүндүрмөсүндө мыйзамсыз кызмат көрсөткөн, квалификациясы жок жарандардын көбөйгөнү белгиленген. Бир айлык курстардан кийин хирургиялык операция жасап, бейтаптардын ден соолугуна зыян келтирген учурлар катталганы айтылган.
Буга чейин Кыргызстанда пластикалык операциялардан кийин каза болгон учурлар катталып, былтыр 485 лицензиясыз жеке клиникалар жабылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat